Окуучу кыз сынак учурунда жарым сааттын ичинде төрөп келгенге жетишкен

90

18 жаштагы Гвинеянын тургуну Фатумата Курума Конденин сынак учурунда толгоосу башталып калгандыктан ооруканага алып барышкан. 10 мүнөттөн кийин окуучу кыз уул төрөгөн, арадан жарым саат убакыттан соң ал кайра сынакка келип калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Курума Конде төрөй турган күнүн жолдошунан жана туугандарынан жашырып келген. Анткени сынакка жибербей коёт деп коркконун айтат. “Мен жогорку окуу жайына тапшыруу сынагын өткөрүп жибербешим керек болчу. Бакалаврга бир жыл бою даярдангам”, – дейт жаш эне.

Гвинеянын сынак өткөрүү борборунун жетекчиси Мохамед Диаките жергиликтүү маалымат каражаттарына бул окуянын чын экенин тастыктаган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь