Сайга түшүп кеткен унаанын ичиндеги 6 жашар бала чарчап калды

238

Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана — Андарак унаа жолунун 13-15-чакырымында Ford Transit үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай сайга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен алты жашар бала жеринде чарчап, 38 жаштагы айдоочу жеңил жаракат алган.

Куткаруучулар бөбөктүн сөөгүн суудан чыгарып беришкен, унаа да алынган. Иш-чарага жалпысынан алты куткаруучу катышкан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь