Соң-Көл жайлоосунда “Ак-Мөөр” сулуулар сынагы болуп өттү. Анда, Ак-Талаанын “Үгүт” айылынын сулуусу Айтурган Аскарова жеңүүчү аталды.
Ал жөнөкөй чабандын кызы. Апасы болсо, “Атасы экөөбүз тоодо болгондуктан, кызым сынакка даярданып жатканын билген эмеспиз. Жеңүүчү болгонун атасы уга элек, ал тоодо”- деди апасы.
Кызды мектептин директору өзү баш болуп даярдаган. Атайын актёр, жаш режиссёрлодон турган группа түзүлгөн.
Сынакка даярдык 4-5 күн болду. Бул жерге даярдыксыз келишкендерин моюндарына алышты.