Усубалиевди тааныбагандыгы үчүн катуу сөгүш берилди

226

Нарын шаарында мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевге окшош кишинин сүрөтүн илип койгон окуя боюнча “Таза-Нарын” муниципалдык мекемесинин жетекчисине катуу сөгүш берилди. Шаар мэри Эмил Алымкуловдун айтымында, алгач баннерге Усубалиевдин сүрөтү илинген. Шамал учуруп кеткенден кийин баннер алмаштырылып, ошого окшош кишинин сүрөтү коюлуп калган.

Белгилүү болгондой, Сүрөттү Интернеттен караган экен. Ошол жерден 4-5 сүрөт чыгып, жарыгырак жана түстүү сүрөт экен. Калганы ак-кара түстө экен. Ал бала өзү да Усубалиевди тааныбаган бала го. Аны да текшерип илишпей, ушинтип уят кылышты. Азыр алмаштырылды. Типография өз эсебинен чыгарып, элден да кечирим сурады. Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын утурлай Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнө, борбордук аянтка жакын жерге баннер илинген. Анын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланып, сүрөттөгү киши Усубалиев эмес экени талкуу жараткан.

Мэриянын басма сөз кызматы сүрөттү жаңылып илип алгандарга карата тартиптик жаза көрүлөрүн айткан. Ал эми баннерге мурдагы транспорт министри Кыдырма Орозалиевдин сүрөтү коюлуп калганын маалымат каражаттары жазышты. Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка 4-февралда кол койгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь