Чүй облусунда 17,6 тонна кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери айыл өкмөттөрү, жергиликтүү тургундар менен биргеликте жапайы кара куурайды жоготуу боюнча иш-чара өткөрүшүп, кара куурай өскөн жерлерди кыдырышкан. Бул иштин жыйынтыгында 13,6 гектар жерде өскөн жапайы кара куурай жок кылынган.