Дем алыш күндөрү абанын табы көтөрүлөт

106

26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кургак аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

23-24-июль күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 24-июлда күндүз жана 25-июлда Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-27-июлдарда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

27-29-июлда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39 градуска чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40 градуска чейин жогорулайт.

28-29-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь