23-июндан 24-июнуна караган түнү Майлуу-Суу шаарындагы дүкөндөрдүн бирине чатыры аркылуу белгисиз адамдар кирип, ичинен 10 000 сом акча жана жалпы баасы жүз элүү миң сомдук 15 даана кол телефондорду уурдап кетишкен.
Ушундай эле окуя 10-марттан 11-мартка караган түнү Майлуу-Суу шаарындагы дүкөндөрдүн биринде дагы катталган. Анда белгисиз жарандар тарабынан кассада турган 8 890 сом, бирдикке делген 4690сом накталай акча жана 9200 сомдук азык-түлүк уурдалган.
Бул факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган.
Жогорудагы уурулук фактыларынын бетин ачуу максатында Майлуу-Суу ШИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн.
Аталган кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургуну 1993-ж.т. А.К. кармалып, жасаган иштерин толук мойнуна алган.
Шектүү жаран Майлуу-Суу ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына бир айга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.