Жумгалда бири-бирине бензин чачып өрттөнгөндөрдүн бирөөсү каза болду

419

Жумгал районунун Байзак айылында мас абалдында бири-бирине бензин чачып өрттөнгөн 2 адамдын бири каза тапты. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-июлда Нарын шаарынын 1971-жылы туулган тургуну С.Г. милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында бир тууган агасы күйүктөн улам каза тапканын айткан.

Окуя 25-июнь күнү Байзак айылынын Орто-Кууганды аймагында болгон. Арыз жазган адам 1964-жылы туулган бир тууган агасы С.Д.га айылдашы белгисиз себептер менен башынан ылдый бензин куюп, өрттөп жибергенин билдирген. Агасы денесинин 80% күйгөн абалда Жумгал райондук ооруканасына жеткирилген. Абалы жакшы болбогондуктан 3 күндөн кийин Бишкек шаардык №4 оорукананын күйүктөр бөлүмүндө дарылатышкан. Бирок дарыгерлер 12-июль күнү «биз эч нерсе кыла албайбыз» деп чыгарып беришкен.

Ал эми жабырлануучу Бишкектен Жумгалга чыкканда көз жумган. Бул факт боюнча бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иши башталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь