Чүй областынын Кант шаарында акча талап кылууга шектелип салыкчы менен анын кызы кармалды.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына 19-июль күнү жеке ишкер кайрылган. Ал Салык кызматынын өкүлү көп убакыттан бери ишкердикти тынч жүргүзүү үчүн 200 миң сом талап кылып жүргөнүн айтып арызданган. Акчаны бербесе ар тараптан негизсиз текшерүүлөр көбөйөөрүн айтып коркуткан.
Жабырлануучу ден-соолугу начарлап ооруканада жаткан. 20-июль күнү Кант шаарындагы ооруканада шектүү 1800 доллар алып жаткан жеринен кармалды. Ошондой эле бул ишке тиешеси бар деп шектелүүчүнүн кызы дагы колго түшүрүлдү. Кармалгандар Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди.