“Манас” аэропортунда иштегендер тамакка ууланышты

312

«Манас» эл аралык аэропортунун кызматкерлери тамакка ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

19-июлдан 21-июлга чейин Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 10 кызматкер кайрылган. Алар 18-июлда түшкү жана кечки тамактануу үчүн аэропорттун аймагындагы «Экипаж» ашканасында даярдалган тамакка ууланышкан. Кайрылгандардын сегизи ооруканага жаткырылып, эки киши амбулатордук дарыланууга жиберилди.

Учурда аталган кафе жабылып, кемчилик жоюлмайынча алардын иштешине тыюу салынды. Ага 5,5 миң сом айып пул салынды. Топтолгон материалдар прокуратура органдарына тапшырылат.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору ысык аба ырайынан улам тамак-аштын, ошондой эле, даяр тамактардын тез бузуларын эскертет.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь