Намаз окуп жаткан имамга жапайы карышкыр келип, намаз бүткөнчө күтүп чогуу сүрөткө түштү

144

Казастандын Караганда облусунда “Бала ажы” мечитинин наиб имамы Нуржан Кулмуганбетов таң калыштуу окуя дуушар болгонун билдирди.

Учурда анын карышкырды кучактап түшкөн сүрөтү интернетке тарап, учурда кызуу талкууга алынууда.

Ал жергиликтүү маалымат булактарына төмөндөгүдөй окуя болгонун айтып берген.

“Намаз окуп жаткам, карышкыр кашыма келди, намаз бүткөнчө күтүп турду, жанымда жатты. Андан кийин аны кучактап сүрөткө түштүм. Эч корккон жокмун”,-деген имам.

“Алланын кудуретин караңыз! Адам баласына жолобогон жырткыч намазга келди. Намаз окуп бүткөнчө жанында жаткан. Балким күчүктөрүнө жардам сурап келдиби ким билет. Бул анык жапайы карышкыр, колго багылган эмес”,-деп жазышууда таң калган окурмандар.

Наиб имам жанындагы сүрөткө тарткан жолдоштору аркылуу бул жөнүндө аудио жазуу дагы жаздырган.

Аталган мечиттин башкы имамы Махмуд Нурулу дагы бул окуянын болгонун ырастаган.

“Окуя болгону чындык. Сүрөттөгү жигит менин наиб имамым. Жакында гана эмгек өргүүсүнө чыгып, эки үч күн мурда Агадыр станциясына  достору менен жумуштап барып талаадагы дөбөлөрдүн биринде намаз окуп жатканда ушундай жагдай болгон”,-деп билдирген башкы имам.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь