Ош шаарында жолдо жаткан адамга эч ким жардам берүүгө ашыккан эмес. Бул тууралуу окурман билдирип, видео менен бөлүшкөн.
«Тез жардамга 1 саатка жакын убакыт баарыбыз чалып жаттык. Эч кандай жооп болгон жок. Милиция кызматкерлери көрүп, эч нерсе дебей өтүп кетишти. Тез жардам эртерээк келгенде балким аман калмак»,-деп билдирүү калтырган окурман.
Окурмандын пикирине караганда көз жумган бала болжол менен 22-23 жашта болгон.