Украинанын мамлекеттик тергөө бюросу мурдагы президент Петр Порошенкону 25-июлга суракка чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Эске салсак, 17-июлда Порошенко суракка чакырылган. Бирок, тергөөгө барган эмес.
Учурда Украинанын Тергөө боюнча мамлекеттик бюросунда Порошенконун тиешеси бар делген сегиз кылмыш ишин тергөө жүрүп жатат. Анын катарында «Центрэнерго» ишканасындагы кызматтарды бөлүштүрүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды», «Керч кысыгына байланыштуу мамлекетке чыккынчылык кылган», — деген айыптар бар.