Сахалинде кыргызстандык таксистти өлтүрүп кетти (сүрөт)

98

Россиянын Сахалин областында 27 жаштагы кыргызстандык таксист Азатбек Алимбек уулун өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу областтын тергөө комитети кабарлады.

Алимбек уулу Азатбектин өлүмүнө шектелип, буга чейин соттолгон 24 жана 22 жаштардагы облустун 3 тургуну кармалды.

Орус басылмалары жазгандай, адегенде кыргызстандык жарандын унаасы Чапаев айылынын аймагында табылган. Кийин жекшембиге караган түнү такси айдоочунун жансыз денеси табылып, ал 28 жаштагы Азатбек Алимбек уулу экендиги аныкталган.

Учурда кармалган үч жаран камакка алынып, баш коргоо чарасы тандалып жатат. Бул окуя боюнча Россиянын тергөө комитети иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Азатбек 19-июлдан 20-июлга  караган түнү “Тойота Марк-2” үлгүсүндөгү унаасы менен Түштүк-Сахалинсктен Корсаков шаарына кеткендиги аныкталган. Анын документтери, кийим-кечелери туруктуу жашаган жеринде калган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь