Сооронбай Жээнбеков Түркия Парламентинин депутаты Йылдырым Тугрул Түркешти кабыл алды

327

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын депутаты Йылдырым Тугрул Түркешти кабыл алды.

Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы менен канааттануу билдирди жана Кыргызстан үчүн Түркия бир тууган жана дос өлкө экенин белгиледи.

Президент  2018-жылы Кыргызстан менен Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин 2014-жылдан бери өтпөй калган жыйыны өткөнүн эске салды.

Ал соода-экономикалык байланыштарды өркүндөтүү жана экономикадагы келечектүү багыттарды аныктоо зарыл экенин баса белгиледи.

Түркия Улуттук улуу жыйынынын депутаты Йылдырым Тугрул Түркеш кабыл алуусу үчүн ыраазылык билдирди жана парламенттер аралык диалогду активдештирүү эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө жакшы таасир этерин белгиледи.

Йылдырым Тугрул Түркеш түрк тарап конструктивдүү диалог үчүн ар дайым ачык экенин баса белгиледи жана Кыргызстан менен Түркия ортосундагы өз ара аракеттешүүнү мындан ары карай илгерилетүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь