Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Анын ордуна экономика министринин орун басары болуп Султан Ахматов дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Маалыматка ылайык, бүгүн Султан Ахматовду өкмөттүн аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев жана министр Санжар Муканбетов министрликтин жалпы жамаатына тааныштырышты.