Түштүк Кореяда 29 жаштагы кыргыз жараны жана 23 жаштагы 2 өзбек жараны велосипед уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу yna.co.kr. жергиликтүү басылмасы жазды.
Студенттер эки жума ичинде шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн, жатаканалардын алдындагы токтоп турган велосипеддерди уурдашкан. Маалыматтарга ылайык, Чонжу аймагынын полициясы кармалгандар 34 велосипедди уурдагандарын аныкташкан.
Кылмыш учуру видеокөзөмөлгө түшүп калган. Суракта кыргызстандык жигит уурдалган велосипеддерди мекенине жөнөтмөк болгонун айткан. Уурулар тобу велосипеддерди жеткирүү үчүн жүк ташуучу унаа сатып алышкан.