Кыргыз-тажик чек арасында чырга байланыштуу эки өлкөнүн облус башчылары жолугушту. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмодзода Ак-Сай айылынын Дача участкасында жолугушкан.

Алар чек арада чыккан чыр-чатакты жөнгө салуу, пикир келишпестиктин себебин аныктоо жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, кошуна айыл элин ынтымакка чакыруу боюнча макулдашышты.

Баткен облустук ИИБнын маалымат катчысы Дамира Юсупова тараткан маалыматта учурда коомдук абалды милиция кызматкерлери көзөмөлдөшүүдө.

22-июль күнү Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Сай айылынын жашоочулары саат 17.30дар чамасында Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылынын чек арага жакын жайгашкан жерине, мурда ошол жерге Ак-Сай айылы деп жазылган тактайчанын ордуна Тажик республикасынын 6 даана желегин атайын темирге орнотуп коюшкандыгына нааразычылыктарын билдиришип, мурда алынып салынган Ак-Сай жазуусун кайрадан орнотуу максатында чогулушкан. Эки элдин ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр-чатак чыгып, эки элдин жарандары бир бирине карата таш ыргытышкан. 

Саат 19.30дар чамасында чек арадагы чыр-чатак курчуп, эки тараптан бири бирине карата ок атуучу куралдан ок атышуу болуп, жабыркаган жарандар Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген. Жабыркагандардын арасында милиция кызматкерлери жана чек ара кызматкерлери да бар.

Окуяны жөнгө салуу жана жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу максатында Баткен ОИИОнун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
Жогорудагы факт Баткен ОИИБнын КЖБРне катталып, тергөө иштери башталды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: