Бүгүн, 23-июль эртең мененки саат 7.30га карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин Мамлекеттик чек ара кызматына таянып “Марал” сайты кабарлады. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна учуп кетти.

Ал эми “Азаттык” жазган маалыматта Баткен районунун Ак-Сай айылынан 144 аял жана бала коопсуз аймакка чыгарылды. Алар Баткен шаарында кесиптик лицейдин имаратына жана стадиондо атайын чатырларда жайгаштырылууда. Облус жетекчисинин орун басарынын жетекчилигинде штаб түзүлүп, бул маселе боюнча тийиштүү кызматтар иштеп жатат.

Мекеменин маалыматында атышуу токтогон. Чыр чыккан жерде чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Ал эми Исфара-Ворух жолу жабык бойдон турат. Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү, укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Расмий маалымат боюнча 22-июль күнү саат кечки 17:20лар чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кетишкен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылер желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта кыргыздар тараптан аңчылык мылтыктан ок атылган. Ал эми тажик тарап таш ыргыткан.

Алгач кол менен, таяк менен башталган мушташ, бара-бара курал колдонууга жеткен. Жаңжалдан кыргыз тараптан 8 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Чырдан улам Исфара-Ворух жолу жабылды. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Ал эми «Азаттыктын» тажик кызматынын маалыматы боюнча, тажик тараптан 1 адам каза таап, 7 адам ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Комментарии

  1. My brother recommended I may like this web site. He was once entirely right.
    This put up actually made my day. You can not consider just how so much
    time I had spent for this information! Thanks!
    cheap flights 31muvXS

  2. Whats up very cool blog!! Guy .. Beautiful ..

    Wonderful .. I’ll bookmark your web site and take the feeds also?
    I am glad to seek out so many useful info right here
    in the put up, we’d like work out more techniques in this regard, thank
    you for sharing. . . . . .

    My website … black mass

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: