Эшиги ачык калган унаанын ичине карышкыр кирип жатып алган (сүрөт)

151

Таласта эшиги ачык калган унаанын ичине карышкыр кирип түнөгөн. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы жазды.

17-июль күнү Ак-Сай айылынын тургуну Жанузак Шайкулов “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү унаасынын эшигин бекиткенди унутуп койгон. Эртең менен машинанын эшигин ача койгон жубайы арткы отургучта карышкырдын отурганын көргөн.

Ал дароо артка качып, жолдошуна болгон окуяны айтып берген. Бирок Шайкулов ишенбей өзү чыгып унаасын караганда, чынында карышкырдын жатканына күбө болот. Дароо унаанын эшигин бекитишип, жергиликтүү токойчуну чакырышкан. Өз кезегинде ал жаныбарды алып кеткен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь