Атамбаев бүгүн Москвага учуп кетээрин айтты

181

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Москвага учуп кете тургандыгын 23-июль күнү Кой-Таш айылында болгон жолугушууда айтты.

Кудай буюрса Москвага эртең түшкө чейин сапар алам.  Узатууну каалагандар саат тогузга Кой-Таштагы үйүмө келгиле“, — деп жооп берди ал журналисттерге.

Ал Россиянын борборуна кайсы жактан учуп кетерин так айткан жок. “Ал маселени эми чакырган тарап чечет”, — деди Атамбаев. Мындан тышкары жолугушууда кандай маселелер талкууланары боюнча суроого жооп берген жок.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь