Улуу Британиянын Консервативдик партиясын жетектеген Борис Жонсон 92 153 добуш менен Британиянын премьер-министри кызматына шайланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Борис Жонсон буга чейин Лондондун мэри жана Тышкы иштер министри кызматтарын аркалаган.

Улуу Британиянын мыйзамына ылайык, мурдагы премьер-министр Тереза Мэй 24-июль күнү парламент мүчөлөрүнүн суроолоруна акыркы ирет жооп берет. Андан соң расмий түрдө кызматын өткөрөт. Каныша Елизавета II Мэйдин отставкасын кабыл алып, премьер-министрликти Жонсонго тапшырат.

Ошондой эле, Каржы министри Филипп Хаммонд, Юстиция министри Дэвид Гоук жана Тышкы иштер министринин орун басары Алан Данкан да кызматтан кетери күтүлүүдө.

Улуу Британиянын мурдагы өкмөт башчысы Тереза Мэй «Brexit» боюнча партиялаштарынын нааразычылыгынан соң, Консервативдик партиянын жетекчилигинен, аны менен катар премьер-министрлик кызматтан кеткен.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: