ВИДЕО: Баткенде милициялар менен жергиликтүү тургундар кагылыша кетишти

335

Бүгүн 24-июлда Баткендеги милициялар чек ара чырына байланыштуу жергиликтүү элге каршы күч колдонду. Бул тууралуу окурман Элдик Медиага кабарлады. Окурмандын айтымында, милициялар колдонгон жардыргыч заттан жана желим октон Ак-Сай айылындагы ондогон тургундар денесинен жаракат алышкан.

Ак-Сайдан коопсуз жайга көчүрүлүп келген аялдар “токтотпосоңор ачкачылык жарыялайбыз” деп жатышат“- дейт окурман билдирүүсүндө.

Белгилүү болгондой, бул окуя Ак-Сай айылынын тургундары “Ак-Сай-Ворух” автожолун жаап койгондон улам келип чыккан. Баткен ОИИБ басма сөз кызматынан кабарлагандай, жергиликтүүлөр мыйзамсыз түрдө автоунаа каражаттарын өткөрбөө максатын көздөшүп, жолду атайын жыгачтар менен бууп тосуп салышкан. Милиция кызматкерлери жол тосуп турган жыгачтарды алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканда, “Камаз” үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси А 1200 L болгон жүк таашуучу унаанын ээси, сүрүп айдап келип, жолдун ортосуна шагыл төгүп салгандыгы айтылат.

Ошол учурда анын бул мыйзамсыз аракетине бөгөт коюууга аракет кылышкан милиция кызматкерлерине карата айылдын тургундары массалык түрдө таш ыргытышып, милиция кызматкерлерине ачуу кыйкырыктарды жасашып мыйзамдуу талаптарга баш ийбей коюшкан. Жергиликтүү жарандар тарабынан ыргытылган таштардан 3 кызматкер жараат алышты.
Ошондо милиция кызматкерлери тарабынан жолду ачуу максатында атайын үн чыгаруучу каражаттары колдонулуп, айылдын тургундары жолдун четине сүрүлүп чыгарылды дейт Баткен ОИИБ маалымат катчысы.
Азыркы учурда Ак-Сай айылында абал туруктуу,жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда бул орун алган мыйзамсыз жагдайды чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

 

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь