Даниил Браилкинди уурдагандарга сот өкүм чыгарды

408

Кант шаарында 12 жаштагы Даниил Браилкинди уурдагандар 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан билдирди.

23-июлда Чүй областынын Ысык-Ата райондук соту айыпталуучу эки жаранды күнөөлүү деп тапкан. 

Эске салсак, 11-апрелде Кантта белгисиз адамдар  12 жашар баланы унаага салып уурдаган. Ошол эле күнү кечинде саат 21:30да милиция уурдалган баланы аман-эсен табышкан. Укук коргоо органдары кылмышка шектүү катары 1988-ж.т. Э.Ш. жана 1987-ж.т. В.Р. колго түшүргөн.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь