Кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу атайын тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБнин басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди. Маалыматка ылайык, Баткен облусунун прокурору Абдибакыт Халмурзаевдин токтому менен аталган жазык ишинин коомдук маанилүүлүгүн, ошондой эле толук обьективдүү текшерүү үчүн Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жана Баткен район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөөчүлөрүнөн турган атайын тергөө тобу түзүлдү.

Жабырлануучулар сурак берип, соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-балестикалык, соттук-медико криминалистикалык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участогунда болуп өткөн окуя боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар окуяны биргелешип иликтөө жөнүндө чечим кабыл алышты. Мындан тышкары тараптар биргелешип күзөтүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин калкы арасында түшүндүрүү иштерин улантууга макулдашышты.

Жергиликтүү бийлик органдары кырдаалды көзөмөлдөө жана мониторинг жасоо иштерин улантышууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: