Эмилия Алмазова карате боюнча Дүйнө чемпиону болду

280

Кыргызстандык спортчу Эмилия Алмазова Карате-до шотокан боюнча XIII Дүйнө биринчилигинде алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдеш Чехиянын Градец-Кралове шаарында 19-21-июль күндөрү өткөн. Аталган биринчиликке Кыргызстандан 25 спортчу катышкан.

Эмилия Алмазова “ката” түрүнөн биринчи орунду багынтса, 12 жашка чейинкилер арасында “кумитэ” түрү боюнча күмүш медалды уткан.

Мелдештин жыйынтыгында командалык “кумитэ” түрүнөн улуттук курама 9 байге жеңишкен – бир алтын, бир күмүш жана жети коло. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан 52 өлкө арасында 19-орунду ээлеген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь