Бишкекте 2 жашар кыз 4-кабаттан кулап түшүп, азыр жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарыгерлер наристенин абалын туруктуу деп билдирди.
Окуя кечээ, 23-июль күнү Гагарин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен болгон. 2 жаштагы С.А. аттуу кыз 4-кабаттан кулап, №3 шаардык балдар ооруканасына жеткирилген.
Бул факт Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.