Эбегейсиз чоң манжалары үчүн Мохаммед Калим мектептен четтетилди. Себеби чоң манжалары менен окуу ага кыйын болууда. Ал үстүнөн барган сайын анын колу өсүп жатат. Мектеп директору мындай колу менен балдарды коркутпасын деп окуудан чыгарып койгон.
Индиялык бала Калим тууралуу бугай чейин 2014-жылы дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Калимдин бир билеги 8 кгды түзөт. Алаканынан ортоңку манжасынын учуна чейинки узундук 33 см жетет.
Апасы Халиманын айтымында баласынын колу төрөлгөндө эле чоң болуп төрөлгөн. Кийин башка дене мүчөлөрүнө караганда колу тез өскөн.
8 жаштагы бала чоң манжалары менен эң жөнөкөй кыймылдарды дагы кыйынчылык менен жасайт. Манжалары канчалык чоңойгон сайын аны башкара албай барат. Ал өз алдынча шымын шымдап, бетин жууй албайт.
Жергиликтүү дарыгерлер Калимдин диагнозун оор деп аныкташып, операция жасай алышкан эмес. Ал эми Делидеги дарыгерлерге кайрылууга ата-энесинин каражаты жетишсиз.