Бир үйдүн бакчасынан 21 кишинин сөөгү табылды

356

Мексиканын батышындагы Халиско аймагында бир үйдүн бакчасынан 21 кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу “ТРТ Кыргызча” басылмасы жазды. Халиско прокурордугунун билдирүүсүндө, Гвадалахара шаарына жакын жердеги үйдүн бакчасында жүргүзүлгөн иликтөө учурунда 21 кишинин сөөгү табылгандыгы маалымдалды.

Окуяга байланыштуу териштирүү уланып жатканы белгиленди. Халиско жана Сонора аймактарында апрель айында жашыруун көрүстөндөрдө 45 сөөк табылган болчу.

Мексикада 2019-жылдын биринчи жарымында 17 миң 608 адамдын киши колдуу болгондугу билдирилгин эле.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь