Алмазбек Атамбаев менен Россиянын президенти Владимир Путин Москвада жолугушту. Бул тууралуу Путин журналисттерге өзү билдирди.

” Эч кандай сыр жок. Силер билесиңер, мен азыркы жана жогорку кызматын калтырып кеткен кесиптештерим менен байланышка дайыма ачыкмын. Ооба, мен Алмазбек Шаршенович менен жолукканым чын. Биз Кыргызстандагы жана аймактагы абал тууралуу сүйлөштүк. Менин позициям ачык белгилүү, өз позициямды ага да жеткирдим. Мен Кыргызстанды биздин өнөктөш, жакын өлкө катары эсептейм. Кыргызстан буга чейин бир нече жолу олуттуу ички саясий кагылышууну башынан өткөрдү. Бул жакта менин көз карашым Кыргызстандын элинин кызыкчылыгында калат.” 

Владимир Путин өлкөгө бүгүнкү күндө саясий туруктуулук керектигин баса белгиледи.

” Бардык эл азыркы президенттин айланасында биригип, өлкөнүн өнүгүүсүнө жардам бериши керек. Бизде Кыргызстандын азыркы бийлиги менен бирге ашыра турган көп пландарыбыз бар” -деди сөзүнүн аягында Путин. 

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев кечээ 24-июлда Москвага учуп кеткен. Эмне себептен жана кимге жолугарын ачыктаган эмес болчу. Атамбаевдин Москвага болгон сапары бир күнгө болорун өзү билдирип, бүгүн 25-июлда кайра келерин айткан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: