Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Солтон-Сары кенинде кытайлык компания куруп жаткан кен иштетүүчү комбинаттын курулушу менен таанышып жатат.
Ошондой эле, Боронов, облус башчысы Аманбай Кайыпов жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү Солтон-Сарыда эл менен жолугушууда. Боронов менен жолугушуу үчүн 100дөн ашык жаран келген.
Жолушууда ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов Солтон-Сарыдагы өлгөн малдан уулануу белгиси аныкталбаганын билдирди.
Ал эми өлгөн койлордон ичеги курт жана пастрилес ылаң чыкканын айтты. Ал аталган ылаң эмделбеген кой-эчкиге жукканын, эки кой жана бир тирүү козудан анализ алынганын кошумчалады.
Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишине нааразы болгон 70тей киши 15-июлда Нарын облустук администрациясынын имаратына барып, «кен иштеткен компания агын сууну булгап атат, жайыттагы мал жапырт кырылууда» деп, кытайлык компаниянын ишин токтотууну талап кылышкан.
«Jhong ji Mining» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландап жатат.