Россияда балдар лагеринде чыккан өрттө күйүп калган бала комадан чыкпай көз жумду. Ири өрт шейшемби күнү Россиянын Хабаровск крайындагы “Холдоми” балдар лагеринде болгон. 189 бала бар 26 чатырдын 20сы өрттөнүп кеткен.
Хабаровск бийлиги 11 жаштагы Алексей Мартыненкого Россиянын Баатыры наамын ыйгарууну колдоду. Кичинекей Алексей өрттөн жаш балдарды куткарып, өзү денесинен күйүк алып көз жумду.
Өрттөн жалпы 4 бала көз жумганы айтылат. 12 киши жаракат алган, алардын ичинен жетөө жаш балдар. Учурда лагердин жетекчиси Максим Кузнецова 2 айга камакка алынды.
Окуя боюнча Кылмыш кодексинин “Байкабастыктан өлүмгө алып келүү” жана “Коопсуздук талаптарына шайкеш келбеген кызмат көрсөтүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул окуяга жылытуучу каражаттар себеп болгон.