Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал Жээнбековдун көзөмөлүндө турат

86

«Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал Президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө турат», — деп белгиледи Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 25-июлда Мамлекет башчысынын жетекчилиги астында өткөн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу жумушчу кеңешменин жыйынтыгында.

Дамир Сагынбаев азыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары окуянын себептерин бирге иликтөө, жаңжалдын чыгышына күнөөлүүлөрдү аныктоо, келечекте чек арада чыр-чатактарга жол бербөө боюнча эки тараптуу чараларды кабыл алуу жөнүндө макулдашууга жетишкенин баса белгиледи.

«Бүгүн жол ачык. Кырдаал туруктуу. Жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө», — деп белгиледи Дамир Сагынбаев. Ал эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде эксперттердин сүйлөшүүлөрү улантылып жатканын, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топторунун жакында, 6-июлда болуп өткөн сүйлөшүүлөрүндө акыркы эки жылда биринчи жолу маселе чечиле баштаганын эске салды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Тажикстан менен ынак кошуналык мамилелерди орнотуу, эки республиканын жана жалпы аймактагы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу кыргыз тараптын багыты экенин белгилеп, Бишкек жана Дүйшөнбү ортосундагы жогорку деңгээлдеги диалог активдешип жатканын өзгөчө баса белгиледи.

Комментарии

  1. Thanks for your marvelous posting! I seriously enjoyed
    reading it, you might be a great author. I will make sure to bookmark your blog and may come back sometime soon. I want to
    encourage you to definitely continue your great work, have
    a nice weekend!

    Feel free to visit my homepage – hosting services

  2. Do you have a spam issue on this blog; I also am a blogger, and
    I was wanting to know your situation; many of us have created some nice procedures and we are
    looking to swap solutions with other folks, why not shoot me an email if interested.

    Have a look at my website – cheap flights

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь