Бүгүн, 25-июлда эртең менен кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу жабылган жол каттамдары ачылды.
Эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында чек арачылар Баткен-Исфана жана Исфара-Ворух жолдорун калыбына келтирди.
Баткен облусундагы чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары мамлекетти чек араны биргеликте кайтарып жаткандыгын мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.
Эртең Ак-Сай жана Ворухта Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусу күтүлүүдө.
Эске салсак, кечээ 24-июлда жергиликтүү тургундар жолду жаап, укук коргоо органдарынын жолду ачуу аракетине каршы чыгышкан. Мындан улам милициялар менен чогулган элдин ортосунда жаңжал чыгып, милиция аларды токтотууга атайын каражаттарды колдонгон. Жергиликтүү жарандар тарабынан ыргытылган таштан 3 кызматкер жаракат алган.