Сүйүнчү! Кыргызстандын жаш хоккейчилери Европанын чемпиону аталды (видео)

195

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар командасы Европанын чемпиону аталды. Бул тууралуу хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдирди.

22-июлда Чехияда балдар арасында эл аралык “Чешская шайба” турнири башталган. Мелдеште Чехия, Словакия, Россия жана Финляндиядан келген спортчулар катышкан.

Бишкектен барган жаш спортчулар финалда Чехиялыктар менен бет келип, 6:2 эсебинде жеңишке жеткен.

“Чешская шайба” мелдешинин кубогунун ээси болдук. Биз- Европанын чемпиону” -деп билдирүү калтырган Анвар Оморканов.

تم النشر بواسطة ‏‎Байыш Дуйшоналиев‎‏ في الأربعاء، ٢٤ يوليو ٢٠١٩

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь