Такси жалдап, айдоочусун тоноп жүргөн балдар кармалды

441

Жалал-Абадда такси жалдап, айдоочусун тоноп жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 29-июндан 30-июнга караган түнү саат 02:30 чамасында Жалал-Абад шаарынан жакынкы айылдардын бирине жеткирип коюу үчүн бейтааныш 18-22 жаштагы 2 бала такси жалдашкан. Алар айдоочуну ээн талаага айдатып барышып, күч колдонуп унаадан түшүп, сабап, андан соң телефонун тартып алышкан. Ошондой эле, айдоочуну мажбурлап апасына телефон чалдырып, бирөөлөргө карыз болуп калганы үчүн шакегин берүүсүн айттырышкан. Жабырлануучунун апасы “балам аман болсо болду” деп 7 миң сомдук алтын шакегин колунан чыгарып берген.

Аталган факты боюнча иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында 3 жаран жаран кармалган. Алар Сузак районунун тургундары А.Н. Н.М.жана Жалал-Абад шаарынын тургуну  А.Т. аттуу жарандары болгон.

Шектүүлөр буга чейин дагы 3-июль күнү саат 23:00 чамасында дагы бир айдоочуну жогорудагыдай ыкма менен баасы 12 миң сомдук телефонун жана миң сомун алып, качып кетишкен. Учурда кармалган балдардын башка кылмыш иштерине катыштыгын аныктоо максатында, ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь