Рамзан Кадыров өзүнө 6 жаштагы Магомед-Эми Газиевди жансакчы кылып алды. Жаш баланын чечен лидерин коргоо анын кыялы экенин ата-энеси социалдык тармакка жарыялаган.
Кадыров видеону көргөн соң, жаш баланы өзүнө күзөт кызматына аларын Инстаграм баракчасына жазган.
” Бүгүнтөн тарта мен эч нерседен кабатырланбайм. Себеби менде дүйнөдө эч кимде жок эң тажрыйбалуу жансакчым бар.”-деп билдирүү калтырган.
Кыялы ишке ашкан 6 жаштагы Газиевди Кадыров жаш экенине карабастан күчтүү экендигин айтып, ага оюнчук куралдарды сатып берген.