Эльдар Абакиров: Жаңы министр өз адамдарын алып келүү үчүн мени кызматтан алды

387

23-июлда кызматынан бошотулган экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров кызматтан негизсиз алынганын айтты. Ал жаңы кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан кеткендиги жөнүндө маалыматты четке какты.

Vesti.kg сайтына ага жаңы кызмат сунуштай электигин, учурда жумушу жоктугун билдирген.

Жаңылыктарда бир аз жалган айтылды, эч кандай жаңы жумуш жок.  Жаңы министр жөн эле өз адамдарын алып келүү үчүн мени кызматтан алды“,- деди мекеменин жетекчисинин мурдагы орун басары.

Эске салсак, Эльдар Абакиров 2016-жылдын май айынан 2019-жылдын июль айына чейин Экономика министринин орун басары болуп иштеген. Эми ал иштеген кызмат ордуна Султан Ахматов олтурду.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь