2 жылдан бери көрүшпөгөн Атамбаевдин уулу атасынын ишин сындады!

344

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев атасы менен эки жылдан бери сүйлөшө электигин социалдык баракчасына жазды. Билдирүүсүн толук беребиз:

«  Атам менен сүйлөшпөгөн эки жыл.⠀
Акыркы күндөрү мага карата жазылган билдирүүлөрдү окусам: “Атаңа бийликте турганда айтпайт белең!” – деген сөздөр болууда.

Мен бир чындыкты айткым келет. Үй-бүлөмдүн, атамдын жакындарынын духу жетпей турганда, мен атама айтчумун:

-“Сиздин шоопуруңуз, жансакчыңыз, балашкаларыңыз, Сиз мамлекетибизге жасаган жакшы иштерге көлөкө түшүрүп жатат!”- деп. Ушул сөздөрдүн кесепетинен, мына эки жылдын ичинде атам экөөбүз бир жолу эле көрүштүк!

Керек болсо эки достун ортосуна интрига жаратып, азыркы абалга алып келгендер дагы ушулар! Калыстык деген баардык жакта болуш керек жана бардыгына бирдей калыстык айтылышы керек! »

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь