Ошто унаалар кагылышып, бир адам каза болду

1 124

Ош шаарында болгон унаа кагылыштан 1 адам көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү  басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ саат 18:00 чамасында болгон. Анда Ош шаарынын Исхак Раззаков көчөсүндө «Дэу-Тико» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичиавтобус кагышып, «Дэу-Тико» унаасындагы 3 адамдын бири – 25-30 жаштардагы жүргүнчү каза тапкан.

Учурда Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы окуя боюнча иликтөөлөрүн баштады.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь