Ысык-Көлдө түтүктөн чыккан сууну мал да ичпей жатат

114

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Дөбө айылындагы таза суу түтүгүнөн чыла даамданган сары суу агууда. Бул сууну мал да ичпей жатканын айыл башчы Таалай Жийдебаев Марал радиосуна билдирди.

Айыл башчынынын маалыматына караганда, 1978-жылы курулган скважинанын эскилиги жетип, жаӊы суу түтүккө алмаштыруу маселеси жаралган.

2012-жылы «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондунан 4 миллион 490 миӊ сом бөлүнүп, курулушун «Арт Мегастрой» компаниясы жүргүзгөн. Жаңыртуу иштери толук бүтпөй, 2015-жылдан тартып суу чыкпай калган.

Натыйжада, калк кайрадан эски скважинадан чыккан сууну колдонууга мажбур болууда.

«Таза суу чыгарууга аракет кылып келатканыбызга 7 жылдын жүзү болду. Сапатсыз курган курулуш компаниянын кепилдиги менен суу түтүктөрдү текшерүүдөн толук өткөрүп алган эмеспиз. Жаӊы курулуш 2 жылга да жеткен жок. Сууну сордуруп чыгарган 20 тонналык бачок тешилип, суу ага баштады», — деди айыл башчы.

Ошондой эле, ал жаӊы салынган түтүккө бир да кудук камтылбай калганын, учурда суу аябай чыла даамданып, ылай агып, айыл эли чыпкалап алып, кайнатып ичүүгө аргасыз болуп жатканын кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь