Американын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Трамп Зеленскийди парламенттик шайлоонун жана “Эл кызматчысы” партиясынын жеңиши менен куттуктады. Эки тарап мындан тышкары АКШ менен Украинанын энергетикалык жана экономикалык кызматташтыгын талкуулашты.
Белгилей кетсек, буга чейин Владимир Зеленский Дональд Трамптын чакыруусу менен Вашингтонго бара турганын кабарлаган.