Президент Сооронбай Жээнбековду Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворухтун чектешкен аймагында тосуп алды.
Эки мамлекеттердин башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы кесилишкен тилкеде Кыргызстандын жана Тажикстандын коомчулугунун жана аксакалдарынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Андан соң расмий жолугушуу үчүн Тажикстандын Исфара шаарына жөнөп кетишкен.
Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү Чолпон-Ата шаарында улантылып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыктары чыгарылат. Эки мамлекеттердин башчылары Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы кызматташтык маселелеринин бардык спектрлерин жана өз ара аракеттешүүнүн келечегин талкуулашат.