Кубакы ашуусундагы кырсыктан бир адам мерт кетти

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда жеңил унаа тосмону сүзүп, кырсыктан бир аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып тосмону сүздү. Жол кырсыктын кесепетинен 48 жаштагы О.Н. аттуу аял киши каза болду.

Учурда аталган жол кырсыгы боюнча тиешелүү иштери башталды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь