Баткен шаарында «Мак 2019» операциясынын жүрүшүндө 1,5 тонна кара куурай жок кылынды.
Милиция кызматкерлери Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында жалпы 10 гектар жерди текшерип чыгышкан. Натыйжада 2 гектар жер аянтынан 1,5 тонна кара куурай орулуп, өрттөлүп жок кылынган.
Ошондой эле, Чүй облусунун чек ара кызматкерлери 5 тоннага жакын жапайы кара куурайды жок кылышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма-сөз кызматы кабарлады.
Берилген маалыматтарга караганда, чек ара кызматкерлеринин «Чек арадагы бир туугандык-2019» операциясынын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын негизинде жапайы кара куурай аянты табылган.
Ал эми атайын комиссиянын текшерүүсүнөн кийин, ИИМдин, УКМКнын жана жергиликтүү бийликтин катышуусунда 5 тонна жапайы кара куурай өрттөлүп жок кылынды.