Кыргыз футболчусу Бахтияр Дүйшөбеков Бангладештин чемпиону болду

218

Кыргызстандын улуттук курама командасынын футболчусу Бахтияр Дүйшөбеков Бангладештин чемпиондугун жеңди. Дүйшөбеков “Башундара Кингс” командасында ойноп, чемпиондукта 7 гол киргизген.

Кыргыз футболчунун командасы  24-турдук оюнда “Мохаммедан Дакка” менен кез келип, 1:1 эсебинде тең чыккан. Бул оюндан кийин “Башундара Кингс” 59 упай топтоп, чемпионаттын аяктарына 2 тур калганда, мөөнөтүнөн мурда чемпион болушту.

Бахтияр Дүйшөбеков ойногон “Башундара Кингс” 2020-жылы АФК Кубогунда күчүн сынайт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь