Мас болуп жүргөн милиция тапанчасын жоготуп жиберген. Жолдогу киши таап алды

200

Сокулуктун ички иштер бөлүмүнүн милиционери мас болуп жүрүп тапанчасын жоготуп алган. Бишкектен аны жолдо бара жаткан киши таап алганын Kaktus.media басылмасы жазды.

25-июлда “Жумушчулар шаарчасы” аймагынан Сокулук ИИБнин лейтенанты Макаров үлгүсүндөгү тапанчасын жоготкон. Ал эми милиционер түшүндүрмөсүндө унаасынан уурдатып жибергенин жазган.

Бүгүн 26-июлда таап алган жергиликтүү жашоочу милиция бөлүмүнө тапанчаны алып келип берген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь