Кыргызстандын өкмөтү 2019-жылдын күзүндө отставкага кетет. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынан булактарга таянып Vesti.kg билдирди. Азыр ал жакта жаңы министрлер кабинетинин түзүмүн түптөө процесси жүрүүдө.
” Премьер-министрдин кызмат ордун Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев ээлейт“-, деди булак. ” Учурдагы премьер – министрибиз тагдырга баш ийди, бирок аны да таарынтышпайт. Мухаммедкалый Абылгазиев Эсеп Палатасынын төрагасы болуп дайындалат деп жазган аталган басылма.
Эсиңиздерге салабыз, премьер – министр Музаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөт 2019-жылдын башында парламент жана коомчулук тарабынан сынга кабылган. «Чапкылоонун» негизги шылтоолору болуп жетекчилик кызматты ээлешкен премьер – министрдин туугандары жөнүндөгү маалыматтар болгон.
Ошол кезде эле белгилүү саясат таануучулар менен Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн жакынкы күндөрдө боло турган отставкасы тууралу божомолдорду айтышкан.
Булак: vesti.kg