Сумкага акчасы жок болгондуктан атасы түнү менен уулуна сумка токуп берген

890

Камбоджалык 5 жаштагы Ни Кенг өзүнүн жалгыз сумкасын мектепке бара жатып жоготуп алган. Баласына сумка алып бергенге акчасы жок болгондуктан, атасы түнү менен уулуна сумка токуп берген. Үй-бүлө баласына китеп жана канцелярияны сатып берген соң сумкага акчасы жеткен эмес.

Нинин мугалими колго жасалган өзгөчө сумканы сүрөткө тартып алып Facebook баракчасына жүктөгөн.

Баласына ыңгайсыз болбосун деген ата болгон эмгегин жумшаган. Бул эң камкор ата  болуп саналат! “-деп билдирүү калтырган.

Сүрөт 6000ден ашуун жолу бөлүшүлгөн. Көпчүлүк интернет колдонуучулар атанын эмгеги баалашып, анын креативдүүлүгүн алкоого алышкан. Айрымдары бала окуган мектепке байланышып, үй-бүлөнү колдоого даяр экенин билдиришкен.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь