25-июлда Forbes журналы Орусиянын шоу-бизнес жана спорт тармагындагы 40 жашка чейинки эң ийгиликтүү адамдардын тизмесин жарыялады.

Ага ылайык UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов эң ийгиликтүү адам деп табылган. 
Тизмени түзүүдө эки фактор эске алынган: катышуучулардын кирешеси (2018-жылдын июнь айынан 2019-жылдын май айына чейин) жана алардын атактуулугу (ЖМК, социалдык тармактардагы катталуучулардын саны)

Forbes маалыматы боюнча 30 жаштагы мушкердин кирешеси 11,5 млн АКШ долларды түзгөн. ЖМК жана социалдык тармактарда Хабибди 75 миң жолу белгилешкен, ал эми биргеликте 1,5 миллионго жеткен. 

Рейтингде экинчи орунду ырчы жана телеалпаруучу Ольга Бузова ээледи. Ал эми үчилтикке киргендердин катарына хоккейчи Александр Овечкин кошулган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: